Бишкекте 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды (видео)
Бишкекте 32 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын айланасында белгисиз жаран баңгизат менен бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Т.О. аттуу жаран кармалган. Шектүүдөн жалпы салмагы 40 граммды түзгөн таңгакталган гашиш баңгизаты табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Видео: Бишкек ШИИББ


