super.kg logo
  Саясат  

Түн ичинде жарандардын тынчын алган эс алуу жайларына чара көрүү сунушталды

 

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда түн ичинде тургундардын тынчын алган көңүл ачуучу жайларга чара көрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Демилгечи депутаттар Сеид Атамбаев менен Дастан Бекешев.

Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көп даттанышат.

Анын айтымында, мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түн уйкудан калган жарандардын пайдасына чечилбей келет.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт:

- ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу;

- тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик;

- жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: