super.kg logo

"Эркектер урологго кайрылуудан уялышат". Дарыгер Нурсултан Абдубаитов дарттын түрлөрү, белгилери тууралуу айтып берди

 

Урология - клиникалык медицинанын заара бөлүп чыгаруучу органдардын жана эркектин жыныс органдарынын ооруларын, алардын пайда болуу себептерин, диагнозун коюу, дарылоо, алдын алуу методдорун изилдөөчү тармак. Ошондуктан нефрологиядан айрымаланып негизги заара бөлүп чыгуучу органдардын ооруларын өзүнө камтыйт.

Республикалык урология илимий борборунун уролог дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы урология жана андрология кафедрасынын ассистенти Нурсултан Абдубаитов SUPER.KG порталына маек куруп, аталган дарттын белгилери, түрлөрү тууралуу кенен айтып берди.

- Негизинен урология иш жүзүндө эмне кылат жана кандай ооруларды дарылайт?

- Урология иш жүзүндө өзүнүн тармагындагы оорулардын алдын алуу жана ооруган бейтаптарды эң жеңил, заманбап дарылоо ыкмалары менен иш алып барат. Оорулар жөнүндө айтып өтсөк, ар бир органдын бир нече оорусу бар:

- бөйрөктүн өткөөл жана өнөкөт пиелонефрити, ириңдеп кетүүсү, бөйрөктүн ыйлаакчасы, таштары, ылдый түшүүсү, гидронефрозу, залалдуу эмес шишиктери жана залалдуу шишиктери, ар кандай аномалиялары;

- заара аккычтын таштары, заара аккычтын кысылуулары;

- табарсык оорулары: өткөөл жана өнөкөт циститтер, табарсык таштары, гиперактивдүү табарсык, жижиңдик, табарсыктын травмалары, нейрогендик табарсык;

- эркектердин жыныстык органдарынын оорулары: простатит, простата безинин гиперплазиясы, варикоцеле, гидроцеле, крипторхизм, монорхизм, уретрит, орхит, орхоэпидидимит, везикулит, баланопостит, кавернит, олеогранулема, пейрони оорусу, приапизм, эркектик тукумсуздук, жыныс функциянын бузулушу, бел суусунун эрте түшүшү.

- Бейтаптар көбүнчө кайсы оорулар менен кайрылышат? Алардын пайда болуусунун себептери?

- Бейтаптар көбүнчө бөйрөктүн өткөөл жана өнөкөт оорулары, заара таштар оорусу, простатит, простата безинин гиперплазиясы, тукумсуздук, бел суусунун эрте түшүүсү менен кайрылышат. Эркектердин илдететтери көбүнчө өзүнүн ден соолугуна олуттуу карабаганы, ысык-суукта көп жүргөнү, аз кыймылдоосу, туура эмес тамактануусунан улам келип чыгат. Аялдар арасында пиелонефрит, цистит, жижиңдик оорулары көп кездешет. Жижиңдик оорусу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, стресс болгондо пайда болот. Ал эми зааранын кармай албоосунун себептери көп төрөгөн аялдардын жана жашы өткөн аялдардын булчуңдарынын алсыздыгынан келип чыгат.

- Урологго качан кайрылуу керек?

- Бейтаптар жылына жок дегенде бир жолу урологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, ооруларды алдын алуу керек.

- Кандай белгилер өз тармагындагы адиске кайрылуу зарылдыгын көрсөтүп турат?

- Эгерде бөйрөк туштары, табарсыктын туштары, жыныстык мүчө, жумуртка ооруса, зааранын кыйналып, кысылып, ооруп, бат-баттан чыга баштаганда, заара чыгуучу каналдын кычышуусу, ар кандай түстө чыгуулары болгондо текшерилүүсү зарыл. Ал эми үйлөнгөндөн кийин бир жылда балалуу болбой жатса уролог дарыгерине кайрылса болот.

- Урологиялык ооруларды өз убагында дарылабаса кандай кесепеттерге алып келет?

- Дары ичип айыга турчу ооруларга ар кандай операция жасалып калышына, залалдуу эмес оорулар залалдуу ооруларга өтүп кетишине, тукумсуздукка, органдарынан айрылып калуусуна алып келет.

Сиздин оюңузча, дарыгерге кеч кайрылуунун себеби эмнеде?

- Биздин бейтаптар өзүнүн ден соолугун көп ойлошпойт. Бир аз ооруп баштаса өтүп кетет деп жүрө беришет. Оору токтоп калганда ал жөнүндө унутуп коюшат. Анан эркек кишилер көбүнчө аймактардагы уролог дарыгерине кайрылуудан уялышат. Эл көрүп калса жаман ойлойт деп.

- Урологго барганда бейтаптар эмнеден коркушат?

- Айрыкча эркектер өзүнүн оорусун айтуудан коркушат. Оңой менен дарыгерге ачылбайт. Дарыгер бейтап менен отуруп, кылдаттык менен сүйлөшүп, эмне көйгөйү болсо ошонун баары менен танышуу керек.

- Урологиялык оорулардын алдын алуу үчүн кандай эрежелерди эстен чыгарбоо керек?

- Бейтаптар жок дегенде жылына бир жолу уролог дарыгерине кайрылып, эң керектүү болгон изилдөөлөрдөн өтүп коюусу зарыл. Заара таштар оорусун алдын алуу үчүн көп кыймылдоо, күнүнө 1,5-2 литр суу ичүү керек. Пиелонефрит, цистит, простатит, орхоэпидидимит ооруларын алдын алуу үчүн сууктан сактануу керек. Тукумсуздуктун алдын алуу үчүн бала төрөлгөндөн баштап эле жыныстык органдардын өөрчүүсүн текшертип туруу, туура тамактануу, сууктан, ысыктан сактануу кажет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: