super.kg logo
  Саясат  

Эрнест Абдыжапаров КТРКнын Байкоочу кеңешинен кетти

 
Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешине мүчөлүктөн баш тартканын кинорежиссёр өзү билдирди. Анын айтымында, бул кадамына 19-декабрда өткөн Байкоочу кеңештин жыйыны себеп болгон. Анда кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирген эле. Абдыжапаров мындан ары Байкоочу кеңеште калуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. 
Эске салсак, 19-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңеши Коомдук каналдын башкы директору Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө боюнча маселени караган. Буга Оторбаевдин жылдык отчётунун канааттандырарлык эмес деп табылышы негиз болгону айтылган эле. Добуш берүүнүн натыйжасында КТРКнын башкы директору кызматында дагы эки жыл иштөөгө мүмкүнчүлүк алды.
Белгилей кетсек, Кубат Оторбаев Коомдук телеканалдын жетекчилигине 2010-жылы 8-апрелде киришкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: