"Манас" аэропортундагы эвакуация: Чүй милициясы маалымат таратты
"Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлду делген маалымат түшүп, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуация болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Белгилей кетсек, ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө "Манас" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр эвакуация болуп жатканы боюнча окурмандар билдирген.
Такталгандай, бүгүн, эртең менен саат 08:35 чамасында милициянын электрондук дарегине аэропортко бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу мекеменин айланасы курчоого алынып, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган.
Жеринде милиция кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте керектүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган факты тастыкталган эмес.
Учурда аэропорттун аймагындагы курчоо алынып, штаттык режимде ишин улантууда.

