Ала-Букада жаңы мектептин ачылышы болду. Ага төрага Шакиев катышты






Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 225 орундуу мектептин курулушуна жалпы 67 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган.
“Анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Акыркы жылдары эле 200дөн ашуун жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Андан тышкары мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул, албетте, чек эмес, дагы көп иштер жасалат. Анткени агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мектепке мыкты мугалимдерди тартып, билим берүүнүн сапатын көтөрө алабыз”, - деген Шакиев.
Төрага жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырган.

