super.kg logo

Ырчы Анжеликанын китеби аукциондо 17 миң долларга сатылды (видео)

 

Ырчы Анжелика Кайратова 12-июнь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде туулган күнүн белгиледи. Бул жылы ал 35 жашка толду. Туулган күндүк кечеге ырчы айымдын ата-энеси, кыздары, жакын санаалаштары, чыгармачылыктагы достору катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө ырчы айым чыгармачылыктан 10 жылга тыныгуу аларын айткан.

"Алдыдагы 10 жылда чет өлкөдө көбүрөөк болушума байланыштуу, чыгармачылыкка тыныгуу коюп жатам. Бул учурда ырларды жаздырбайм, клип тарттырбайм бирок, 45 жашымда ырдаймбы ырдабаймбы ал дагы белгисиз. Мен жөн гана жөнөкөй айымдын жашоосун жашап көргүм келип жатат. Он жыл бою үч томдон турган китеп жазам. Ишкерчилик, финансы тарапка көбүрөөк басым жасап, кайрымдуулук менен алектенем", - деген Анжелика Кайратова.

Ошондой эле, салтанатта ырчы "12"аттуу автобиографиялык китебин тартуулады. Китепти 12 санын жакшы көргөндүктөн, ушундай атаганын айткан.

"12-июнда төрөлгөм. 12 саны ар дайым мени коштоп жүрөт. Унаа номурамда, уюлдук телефонумда 12 деген сандар кездешип калат. Мен үчүн 12 саны мага жаккан жөн гана сан. Ар бир айдын он экисинде туулган күнүмдөй жакындарымдан белек, гүл алып турам", - деген ал.

Ошондой эле аталган салтанатта келген коноктордун бири ишкер Азамат Кылычев Анжеликанын китебин аукциондо 17 миң долларга сатылганын билдирди.






Ырчы Анжелика Кайратованын "12" аталышындагы китеби аукционд 17 миң долларга бааланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: