Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды
18-июнга караган түнү саат 02:12 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Арстанбап айылынан 4 чакырым түштүк-батышты карай, Жай-Терек айылынан 4 чакырым түндүктө, Майлуу-Суу шаарынан 40 чакырым түндүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 45 чакырым түндүк-батышты карай сезилди.
"Жер титирөөнүн күчү Арстанбап, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Көк-Алма, Чарбак, Кызыл-Үңкүр, Үч-Булак айылдарында 3,5 балл болсо, ал эми Тоскоол, Бабаш-Ата, Каду, Косо-Терек, Жаз-Кечүү айылдарында 3 баллга жеткен", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.