super.kg logo

Баткенде зыяндуу чегирткелер каптаган талааларга дары чачылып жатат

 
Баткен облусунда зыяндуу чегирткелерге каршы иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Ага ылайык, 16 100 гектар жер аянтта зыяндуу марокко чегирткеси аныкталган. Бүгүнкү күнгө 15 150 гектар аянтта зыяндуу марокко чегирткесине каршы химиялык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Бул иштер Баткен районунун Рават, Кадамжай шаарынын Сары-Талаа, Кара-Жантак, Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Бешкент, Сумбула айыл аймактарында, Раззаков шаарында аткарылды.
Мындан сырткары Баткен шаарынын Паран участкасында, Баткен районунун Чек айылы, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө участкасында мөмөлүү дарактарда жана жашылчаларда жашыл чегиртке аныкталды. Анын аянты 55 гектарга жакын.
"Мамлекеттик бюджеттен марокко, италия прусу саранчаларына каршы иштөөгө каражат каралат. Ал эми жашыл чегирткеге каршы дарылоо иштерин дыйкандар өздөрү жүргүзүүсү керек", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: