Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды










Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдүн Ысык-Ата районундагы базальт буласын (минералдык жүн) чыгаруучу заводго барды. Бул тууралуу өкмөттүн баса сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана минералдык жүн өндүрүү боюнча линияны монтаждоону аяктады жана өндүрүш процессине катышкан негизги системаларды орнотууда. Жабдуулар тесттик режимде ишке киргизилди, продукциянын сыноочу партиясы чыгарылды.
"Учурда базальт буласы 100 пайызы импорттолот. "Изо-Пенопласт ЛТД" ЖЧК заводу бул продукцияны жалгыз чыгаруучу болууда. Заводдун жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 20 миң тонна базальт буласын түзөт, бул продукцияны жергиликтүү рынокто сатууга да, экспорттоого да мүмкүндүк берет. Заводдо 100гө чейин жумушчу орун түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Андан ары өкмөт башчы Ысык-Ата районундагы автоклавдуу газобетонду чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
"Кант ТШП" ЖЧКсы Кыргызстандагы жогорку сапаттагы хризотил жана була цемент продукциясын (шифер менен жабуу) чыгаруучу ири ишкана болуп саналат. 2021-жылы компания 4 миллион шифер саткан. Заводдун ишке кириши менен 100дөн ашык жумушчу орун түзүлөт. Долбоор рынокто суроо-талаптын 15 пайызын жабат. Продукцияны экспорттоонун пландалган көлөмү жылына 1 миллион долларды түзөт.
Министрлер кабинетинин башчысы ишканаларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
