super.kg logo

Аксыда жайлоодон уйларды уурдап кеткен шектүү Бишкектен кармалды

 

Жалал-Абаддын Аксы районунда жайыттан уй уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айынын ортосунда Торук айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу Кызыл-Алма айылындагы жайлоодон малын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, шектүү Аксы районунун 1972-жылы туулган тургуну А.З. экени аныкталып, ал Бишкектен кармалган.

Анын Аксы районунун аймагында жасалган дагы төрт мал уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

ИИМ тараткан маалыматта, шектүүнүн канча баш уй уурдаганы айтылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: