Талант Анарбаев: "Концерттен түшкөн каражат Ош шаарындагы көпүрөнүн курулушуна жумшалат"
Белгилүү куудул Талант Анарбаев 25-26-декабрда Ош Улуттук драма театрында жаңы программадагы концерт тартуулайт. Анын айтымында, түшкөн каражат шаардагы курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жумшалмакчы.
"Түшкөн каражаттын баарын көпүрөнүн курулушуна салым катары берейин деп жатам. Андыктан шаардыктарды көпүрөгө салым кошуп койгула деп концертке чакырат элем. Буюрса, бул көпүрө пайдаланууга берилсе, элибизге зор пайдасы тиет",- дейт куудул.
Эске салсак, Ош шаардык мэрия жаңы көпүрөнүн курулушуна салым кошуу үчүн коомчулукка кайрылган. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлер да өз салымдарын кошуп келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Таке брат,мен Колдон болсом да сизди колдоймун себеби сиз Талдыктан болосуз да,сиз себеби Папан суу сактагычка жакынсыз.Кол чабуулар копуро бутсун...