Бишкек-Ош унаа жолунда каттам жанданды (видео)
Бүгүн, 24-июнда Бишкек-Ош унаа жолуна алты жерден түшкөн сел калдыктары тазаланып, каттам жанданды. Жеринде №30 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын күчү менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 23-июнда кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. 368-374-чакырымдар аралыгында түшкөн селдин кесепеттерин (6 жерден түшкөн таш, шагылды) жоюуга ошол замат 10дон ашык техника тартылган. Тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол ачылып, каттам жанданды.
“Учурда сел агымынын көлөмү такталууда, алдын ала маалыматтарга караганда, жолго түшкөн таш, шагылдын көлөмү 50 миң метр кубду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкек-Ош каттамы жанданды
