Көздү күндөн коргош керекпи? Кантип коргойбуз? Дарыгердин кеңеши
Учурда жайдын аптаптуу күндөрүн өткөрүп жатабыз. Бул мезгилде адамдар көпчүлүк убактысын сыртта, тагыраагы, күн тийген жерлерде өткөрүүгө туура келет. Мындан улам көздү күндөн коргош керекпи, кантип коргойбуз деген суроо бир жолу болсо дагы оюңузга келген чыгар. Бул суроого көз дарыгери Айдай Ассатилаева жооп берди.
"Ооба, биз көзүбүздү күндөн коргошубуз керек. Көзгө ультрафиолет көк нурлары зыян болуп саналат. Бул нурлар тордомо челдин пигментин күйгүзүп салат. Эгер тордомо челге зыян келсе, ал кайра калыбына келбей калышы ыктымал. Ошон үчүн эшикте жүргөндө, өзгөчө, Кыргызстанда ультрафиолет нурлары жогору болгон жерлерде, тоолуу аймактарда күндүн көк нурларынан көздү сактап, сапаттуу көз айнек тагынуу керек. Айрыкча, тоолуу аймактарда жүргөн адамдарда көздөрүн эт басып кетет бул дагы көздү күндөн сактабагандын бир белгиси болуп саналат", - дейт дарыгер.
