super.kg logo
  Саясат  

Маданият министрлиги ЖМК боюнча мыйзам долбоору жаңыланганын билдирди

 

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар жана медиакоомчулук менен бирге толукталып, иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам президенттин администрациясынын тапшырмасы менен кайра иштелип чыккан.

Ошондой эле министрлик документ 28-июнда Улуттук тарых музейинин чоң залында талкууланарын, буга бардык кызыкдар тарап катыша аларын кошумчалады.

"Жыйынга катышууга Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын, медиакоомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин парламентте каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтарып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: