super.kg logo
  Саясат  

Быйыл Ош шаарындагы Жаңы жылдык балатынын узундугу 28 метрди түздү

 
Ош шаарынын борбордук аянтына узундугу 28 метрди түзгөн балаты орнотулду.
Шаар тургундагы азыртадан балатыга келип сүрөткө түшүп кетишүүдө.
Ош шаарынын борбордук аянтынын учурдагы түнкү көрүнүшү.
Ош шаарынын жетекчилиги жаңы жылдык майрам үчүн борбордук аянтты жасап бүтүштү.
2012-жылы Ош шаарына орнотулган балатынын бийиктиги 25 метрди түзгөн. Ал да жасалма балатыдан жасалган эле.

Жакында Ош шаарында түштүк калаанын борбордук аянтын жасалгалоо иштери аяктады. Оштун борбордук аянтына орнотулган Жаңы жылдык балатынын узундугу 28 метрди түздү. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыров маалымдагандай, улуттук калоритте жасалгаланган жасалма балатыны тургузууда коопсуздук эрежелери сакталган. 

“Жасалма балаты орноткондугубуздун себеби, экологдордун кеңешине таянып, биринчиден табиятка зыян келтирүүдөн алыс болдук. Анткени жыл сайын балаты орнотууда 20 арчаны кыйчубуз. Экинчиден ал коопсуз жана кулабайт”, - деди Алимбай Кадыров.

Ош шаарын жасалгалоого жана негизги балатыны орнотууга, жарым сааттык фейерверк шоу өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары, борбордук аянтта 20 кичинекей жарык берип турган балатылар шаарга жомоктогудай таасир калтыруу үчүн орнотулган. Жаңы жылдык кече 18:30да башталып, ысык кофе сатуу, сүрөтчүлөр, Аяз ата, Аяз кыз жана жаңы жылдык жомоктогудай жандыктардын тейлөөсү уюштурулган.

Башында жаңы жылдык балатынын жалпы узундугу 26 метр болот деп айтылган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: