super.kg logo

«Элдик Банк» менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы кызматташууну кеңейтүүдө

 

«Элдик Банктын» делегациясы төрага Уланбек Ногаевдин жетекчилиги астында Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (КМӨБ) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Чжан Хуэй менен Астана шаарында (Казакстан) жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки банк ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын дагы бир жолу тастыкташты.

Белгилей кетсек, «Элдик Банкка» кичи жана орто бизнести колдоо жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык мааниге ээ ири инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо үчүн насыялык линия берүү боюнча макулдашуу кол коюу баскычында турат.

Мындан тышкары Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн кошумча насыялык линияларды ачуу боюнча макулдашууга жетишти.

«Биздин КМӨБ менен кызматташтыгыбыз келечекте «Элдик Банктын» кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтип, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө дагы чоң салым кошууга өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Уланбек Ногаев.

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун банк аралык бирикмесинин жыйыны өтүүдө.

«Элдик Банктын» делегациясы бул иш-чарага активдүү катышууда.

Жыйналыштын негизги маселелеринин бири ESG-күн тартибин ишке ашыруу болду. Тараптардын кызматташтыгын активдештирүү жана ESG-каржылоону колдонуунун мыкты практикаларын үйрөнүү максатында бүгүн ШКУнун банк аралык бирикмесине мүчө банктардын ортосунда ESG-каржылоо боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, «Элдик Банк» бул багытта жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, ESG-рейтингин алуу үчүн талапкер болуп, жоопкерчиликтүү каржылоону колдоп келет.

КРУБ лиц. №033






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: