super.kg logo

Кытайда ата-эне өлдү делген уулун 33 жылдан кийин тирүү көрүштү

 

Коңшу Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясында кедей үй-бүлөдө чоңойгон 33 жаштагы Чжан Хуайюан аттуу жаран жакында эле өзүнүн чыныгы ата-энесин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 1991-жылы дарыгерлер төрөтканадагы жубайларга уулдуу болушканын, бирок ымыркай айына жетпей төрөлгөндүктөн чарчап калганын айтышкан. Бирок чындыгында ымыркай төрөткананын директорунун кош бойлуу боло албаган тууганына берилген.

Чжан өзүнүн ата-энеси жашаган Чжэцзян провинциясынан 400 чакырымдай алыстыктагы кедейлер жашаган айылда ​​чоңойгон. Аны багып алган атасы майып болгондуктан, Чжан 17 жашында окуусун таштоого мажбур болгон каржылык кыйынчылыктарга туш болгон.

2023-жылы багып алган атасы каза болгондон кийин гана апасы ага чыныгы ата-энеси башка адамдар экенин айткан.

Жыйынтыгында ал өзүнүн ата-энесин издөөгө киришип, полициянын жардамы менен ушул жылдын май айында жолгушкан. Ал өзүнүн ата-энесине 20-майда жолуккан.

Өзүнүн атасы жолуккандан кийин көзүнө жаш алып, өлдү делген уулуна 1 миллион 200 миң юань (166 миң доллар) суммасындагы эсеп ачуу үчүн банк картасын берген.

Анын жалгыз гана бир иниси бар экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: