super.kg logo

Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы теракттар боюнча жаңы билдирүү жасады

 

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов Instagram баракчасында Дагестандагы теракттар тууралуу жаңы билдирүү жасады.

"Кээ бир адамдар ыйманга жамынып алып, ислам динин жеке кызыкчылыгына жана кирешесине пайдаланып жатышат, бул диндин чыныгы принциптерине карама-каршы келет", - деп жазды ал.

Ошондой эле ал окуяны ислам динине эч кандай тиешеси жок трагедия деп атады. Нурмагомедов бир дагы ислам аалымы теракттарды жактырбай турганын жана мусулмандар аларды айыптай турганын баса белгиледи.

Буга чейин Нурмагомедов Дагестандагы теракттарга комментарий берип жатып, адамдарды өзүнө жана жакындарына кам көрүүгө чакырган.

Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан 25 адам каза болгондугу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: