Кыргызстандын Пакистандагы элчиси өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулду
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 27-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Уланбек Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулган.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Уланбек Тотуяев бул кызматты 2021-жылдын июль айынан бери аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

