super.kg logo
  Саясат  

Санкт-Петербургда кыргыздардын үйлөнүү тоюнда атышуу болду

 

21-декабрда кечке жуук Санкт-Петербургда өтүп жаткан кыргыздардын тоюнда белгисиз адамдар травматикалык куралдан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында 4 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда “Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматы Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Кочкорбай Кутанаевдин маалыматына таянып билдирди.

“Жаңжалдан кийин биз өзбектердин диаспорасынын башчылары менен  жолугушуу өткөрдүк. Алар тергөөгө жардам берүүгө убада берди. Конфликт болгон кафе азыр иштебей турат. Эшигинде номур илинип турат, бирок чалсак эч ким албай жатат”, - деп билдирген Кочкорбай Кутанаев.

“Санкт-Петербургдагы Кондратенко көчөсүндөгү жайгашкан кафедеги атышуу жөнүндө ишемби күнү саат 23:30 чамасында маалымат келди. Учурда “Зөөкүрлүк” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча шектүүлөр кармала элек” деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: