Эртең Байтик баатыр көчөсүнүн үч бөлүгү жабылып, бир бөлүгү ачылат



Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, эртең, 29-июнда жогоруда аталган аймак унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ошондой эле 29-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.
"Эртең Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин жабуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев көчөсүндө жана Жибек Жолу проспектисинде жүрүүдө.
