super.kg logo
  Саясат  

Жаңы жылдык советтик открыткалар топтому

 

Жыл жаңырарына саналуу күндөр гана калды. Ким билет, балким, ушул учурда кенедей манжаларын ачып-жумуп бөбөктөр Жаңы жылга чейинки убакытты санап жаткандыр. Балким, бирөө үйдө Жаңы жылга карата ыр жаттап, сырттагы оюндан куру калды. Ал эми суукта үйдө отурган чоң энелердин бири небересинин Жаңы жыл алдындагы маанайын көрүп, балким, мындан 10-15 жыл илгерки Жаңы жылды эстеп алгандыр.  

Ооба, мурунку Жаңы жылдар өзгөчө эсте калган. Майрам алдында колдон-колго жүгүргөн открыткаларчы... 

Эсиңиздерде барбы? Ата-энелерибиз илгери Жаңы жылдык открыткаларды алышып-беришип турушкан. Мурунку Жаңы жылда келгендери жыл бою сакталып, майрамга жакын көрүнүктүү жайга коюлчу. Открыткалардагы сүрөттөрдү мектеп окуучулары дубал гезиттерге чоң кылып көчүрүп тартып, мугалимдердин мактоосуна арзыган мисалдар да көп. Мугалимдин тапшырмасы менен кыздар балдарга, балдар кыздарга Жаңы жылдын алдында дал ушундай открыткаларды ыйгарышчу.

Жыл жаңырар алдында сиздердин назарыңыздарга эски открыткалардын топтомун коёбуз. Ооба, алар бүгүнкү күндө актуалдуулугун жоготсо да, сиздердин балалыгыңыздагы жылуу элестерди чакырарына ишенебиз.  

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: