super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев:"Кыргызстан 2026-жылы “Кумтөрдөгү” 67 пайыздык үлүштү сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот"

 

Кыргызстан 2026-жылы “Кумтөрдөгү” 67 пайыздык үлүштү сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул туурасында бүгүн, 24-декабрда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.  

Анын айтымында, бул нерсе жүргүзүлгөн келишимде так жазылган. 

“Баасы коммерциялык баа болсо да ошол убактагы рыноктон төмөн болот деген оюбуз бар. “Кумтөрдө” бүгүнкү күндө 710 тонна алтын запасы бар. Бул долбоор 2026-жылга чейин болгондугуна байланыштуу 240 тонна таза алтын алынат. Ошондо 410 тонна алтын 2026-жылы жаңы шартта иштетилип, Кыргызстандын кызыкчылыгында болот деп адистер жана биз айта алабыз”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Ошондой эле өкмөт башчы жылына 10 миллион доллар чалгындоо иштерине бөлүнүп турарын кошумчалады.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: