super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селдин жүрүшүнөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Баткен, Ош облусундагы табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм.

Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык.

Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды.

Белгилеп кетчү жагдай, тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшашты. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда.

Учурдан пайдаланып, четте карап турбай, куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылып, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарыбызды да ыраазычылык менен белгилейм.

Бул дагы болсо улутубуздун ынтымагынын бекемдигин көрсөттү.

Эми мындай окуялар кайталанбасын деп Кудайдан тилейли.

Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт.

Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт” деген өлкө башчысы.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ноокат районунда катталган селден алты адам каза болгону кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: