super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик комитет Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча 50х50 пайыздык үлүшү менен иш алып баруу тууралуу макулдашуусун кабыл алган жок

 

“Кумтөр” боюнча коомдук уктурууга катышкан делегаттар өкмөт тарабынан кабыл алынган бирдиктүү иш алып баруу тууралуу макулдашууну колдобоого чакырууда. Бул тууралуу иш-чарада кабыл алынган резолюцияда көрсөтүлгөн. Мындан сырткары катышуучулар "Жантөрө Сатыбалдиевди эл аралык консультацияларга 88 миллион сом короткону үчүн жоопко тартуу керек" деп эсептешет. 

Буга чейин Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча токтом кабыл алган эле. Анда парламент өкмөт аталган долбоордо "Центерра" ишканасы менен иш алып барууда 67 пайыздык үлүшкө жетишпесе, бардык макулдашуулардан бир тараптуу негизде чыгуу боюнча тапшырма берген. 

23-октябрда парламент Өкмөт менен Башкы прокуратурага 23-декабрга чейин токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат берүү тапшырмасын жүктөгөн. 

Бүгүн, 24-декабрда ЖКнын тармактык комитети өткөргөн жыйында парламент Өкмөттүн канадалык компания менен 50х50 пайыздык үлүшү боюнча иш алып баруу тууралуу макулдашуусун кабыл алган жок. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясы иштетүүчү “Кумтөр” алтын кени өлкөдөгү өнөр жай тармагындагы ири акционер болуп эсептелет. Азыр Кыргызстан 33 пайыз акцияга ээ.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: