Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары эркин күрөш боюнча 3-орунду ээледи









Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын командасы Азия чемпиондугунда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Эркин күрөш боюнча курама команда (U23) Иорданиянын Амман шаарында өткөн мелдеште 7 медаль ( 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло) уткан.
"Азия чемпиону наамын Абдымалик Карачев (57 килограмм), Билол Шарип уулу (65 килограмм) жана Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм) ээлесе, Стамбул Жаныбек уулу (92 килограмм) күмүш медаль утту.
Ал эми Юхан Доктурбек уулу (61 килограмм), Канат Керимбеков (70 килограмм) жана Бекзат Рахимов (86 килограмм) коло байгеге татышты", - деп айтылат анда.
Курама команда 157 упай менен жалпы командалык эсепте 3-орунду багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.