super.kg logo

Бишкек шаарында китепкананын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу №4 китепканага мыйзамсыз ижара акылары төлөнүп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган китепкана өкмөттүн 1995-жылдагы токтому менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Бирок Ленин райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө аталган имарат мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин муниципалдык менчик объекттеринин реестрине каттоого алынбаганы белгилүү болгон. Мындан тышкары 1997-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Маданият башкармалыгы тарабынан үчүнчү жактарга ижара келишимдеринин негизинде мыйзамсыз ижара акысы төлөнүп келгени аныкталган. Мындан улам жергиликтүү бюджеттин эсебине ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

"Натыйжада прокуратура тарабынан наркы 16 миллион 823 миң сомду түзгөн имарат муниципалдык менчикке кайтарылып, ижара акысы катары мыйзамсыз төлөнүп келген 2 миллион 309 миң 771 сом акча каражаты өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Башкы прокуратура тийиштүү кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштерип жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: