super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысына комуз белек кылды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысына комуз белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаров менен Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.

"Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти. Андан соң мамлекет башчы терең урматтоо иретинде Антониу Гутерришке эстеликке белегин, улуттук аспап - комузду тартуу кылды", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, башкы катчы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келген. Гутерриш Борбор Азияга болгон сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. Ал эми 3-июлда ал Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: