Өзбекстанда жашы жете элек өспүрүмдөр үлпөт той өткөрүштү
Өзбекстанда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үйлөнүү үлпөт тою талкууга жем таштап, алардын ата-энелери жазага тартылмай болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, үлпөт тойдун кадрлары социалдык тармактарга тарагандан кийин алардын жашы жете элек экендиги белгилүү болгон.
"Эркек бала 16 жашта болсо, ал эми кыз 17 жашта болгон. Бул чуу жараткан окуя балдар акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынды. Ата-энелерине карата административдик округдун кодексинин 47-3-беренесине ылайык, чогултулган документтер сотко жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Өзбекстанда Үй-бүлө кодексине ылайык, нике курагы 18 жаш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.