super.kg logo

Кечээ, 24-декабрда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын мыкты ыры” наамынын ээси Гүлжигит Сатыбеков концертинде бриллиант көздүү шакек ойнотту (фоторепортаж)

 
Алып баруучулук милдетти Жеңишбек Айтиев менен Мунара Алимжан кызы колго алды.
Аяз ата куудул Абды Кадырматов болсо, Аяз кыз Назира Бердигулова болду.
Ырчы алгач күйөрмандары менен учурашып, концерттин кеч башталганы үчүн кечирим сурады. Андан соң гана ырга кезек берилди.
Гүлжигит Сатыбековдун кайрымдуулук иштерин уюшутуруп келгени ушул кечте белгилүү болду. Бишкектеги "Алтын уя" балдар үйүнөн келген өкүлдөр ырчыга жана анын продюсерине ыраазычылыгын айтышты. Кошумчалай кетсек, концертке дал ошол балдар үйүнөн 100 бала акысыз киргизилген.
Конок катары ырдагандардын катарында "Кеңеш" тобу да болду.
Аяз ата менен Аяз кыз залда олтургандар үчүн оюн уюшутуруп, узатылган суроолорго туура жооп берген күйөрмандарга белек тартуулашты.
Ырчы кезектеги чыгармасын берилүү менен аткарып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын супер дебюту" наамынын ээси Жоодарбешим өзүнө ийгилик алып келген "Өкүнбө" ырынан бир куплет гана ырдады. Ал чыгармачылыктагы байкесинин концертине башка ыр камдап келиптир.
Байыртадан келе жаткан өнөр "Сармерден". Гүлжигит башында турган жигиттердин тобу кыздарды ыр менен "чымчып" жатат.
Кыздар өз кезегинде жооп кайтарып, жигиттерди бир топ оңтойсуз абалга кептеп койду.
Кеченин экинчи бөлүгү кызыктарга бай болду десек болот. Ырчы аккордеонун колго алып, өзүнүн репертуарындагы ырларын кезек-кезеги менен аткарып жатты.
Ата-энесинин жолдун узактыгына карабай Бишкекке келип, концертке күбө болуп жаткандардын арасында отурганын ырчы башта сөзүнө аралаштырып айткан эле. Концерттин экинчи бөлүгүндө алар сахнага чакырылышты. Атасы калың элге: "Гүлжигит менин уулум эле, эми ал силердин уулуңар" деп кайрылуу жасады.
Ырчынын концерттери буга чейин автоунаа ойнотулганы менен белгилүү болчу. Бул жолу бриллиант көздүү шакек ойнотулду. Шакек "Алтын уя" балдар үйүнүн балдарына тийди.
Конок катары чакырылган ырчы Данияр Эрматов күйөрмандарына ыр белек сунду.
Гүлжигит жаш ырчы Асел Болотбекова менен дуэт аткарууда.
Ырчы көптөгөн чыгармаларын бийчилердин коштоосунда аткарып жатты.
Ырчы "Лейлектик кызга" ырын аткарууда. Ушул учурда куудул Жаңыл Бекбоева сахнага чыга келди. Алып баруучу Жеңишбек Айтиев аны коштоп, бийлөөгө өттү.
Концерт ырчынын репертуарындагы белгилүү хиттердин бири "Лейлектик кызга" аттуу чыгарма менен аяктады.
Гүлжигит Сатыбековдун жеке концертине күбө болуу үчүн келген күйөрмандар залдын дээрлик 90 пайызын ээледи.
Кечээ, 24-декабрда Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры менен “Жылдын супер ыры” наамына ээ болгон ырчы Гүлжигит Сатыбековдун концерти болду. 4 саатка созулган концертте ырчынын аткаруусунда ырлар жаңырды. Мындан сырткары конок катары чакырылган бир катар ырчылар да өз өнөрлөрүн тартуулашты. 
Концерттин башкы окуясы - ырчы мырзанын ата-энесинин эл алдына чыкканы болду. Андан тышкары Аяз ата менен Аяз кыз ырчы тууралуу узатылган суроолорго туура жооп берген күйөрмандарга белектерди ыйгарышты. Гүлжигиттин таржымалын, канча бир тууган экенин, ал кайсы окуу жайды аяктаганын так билгендер үчүн бул ийгиликтүү оюн болду. Оюндун аягында алар 20-катарда 23-орунда отурган бактылуу киши бриллиант көздүү шакектин ээси болорун жарыялашты. Бул орундарда отургандыгын тастыктаган билети жок кишилер сахна жакка каттап жатышты. Акыры "Алтын уя" балдар үйүнөн келген жаш бала чыгып, айтылган орунда отурганын айтып, шакектин ээси болуп калды. 





Г.Сатыбеков жеке концертин берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
27.12.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир жылда эки концерт койууга жетишкен Гулжигит байке азаматсыз.Менеджеринин аябай толкунданып алган го кайра кайра козун жумуп суйлоп
SUPER.KG видео
27.12.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira93, baha76 - 3 күнгө БАНга!
1. Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
2. Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол жок.
3. Жеке айтышууларга жол берилбейт.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулжигит акенин ар бир ыры жагат..анан да кообунчо кайгылуу ырларын озгочо бээрилип угам....сизге чыгармачылык ийгилик жана ден соолук.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми мага баарыбир!жакты.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
качан маданияттуулукка конобуз ыр буто электе чыгып кетип жатышат жапайычылык да бул озун сыйлабастык
SUPER.KG видео
27.12.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бетине оло упа шыбаган го )))))))
SUPER.KG видео
27.12.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Концертке киргенге да шашылышат, чыкканга да шашылышат, кечигип да келишет ушинтип концерттин коркун бузушат (((
SUPER.KG видео
27.12.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушундай элдер келбей эле койсо концертке.
концертти бутуруп туруп алаканды аябай чаап, эн сонун эс алганынар учун ыраазычылыгынарды билдирип туруп анан кетиш керек болчу
SUPER.KG видео
27.12.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Dostor, konsert chyndygynda ele sonun oidogudai boluptur. Konserttegi koruuchulordun dengeeli owondoi bolso kantebiz. Misaly kee bir adamdar konsert butkondo turup wawpaaai chygywat. Nege biz kyrgyzdar ar bir nersenin jaman jagyn gana korobuz? nege birinchi jakwy jagy korunboit? bardyk nerseni ozubuzdon bawtawybyz kerek. etika estetikany...
SUPER.KG видео
27.12.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
men keede gana jazam. kobuncho okup gana koem, anan tan kalam jazgan adamdarga, artistin jeke jawoosun talkuulap ketiwkende. Nege jakwy jagyn korup syndabaibyz, Konsert sonun boluptur, jany yrlary jakty.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун концерт болуптур, качкан элдерди эсепке албаганда, толук версиясын качан коро алабыз.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевдей элдин назарындагы ырчы болоюн деп калды окшойт . Мирбек Иманбеков , Султан Садыралиев ,Темир Назаров деген да ырчылар жарк этип жанды эле алар кайда кетишкен ?............
SUPER.KG видео
27.12.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bek Borbiev baikebisdei eken unu! Oshonusu jakty maga!
SUPER.KG видео
27.12.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар чимириле чимириле бийлейт екенго
SUPER.KG видео
27.12.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтып койгулачы сураныч нурлан насип бек борбиевдин суктанам деген ырын аткарып журотко ошону каяктан тапсам болот????
SUPER.KG видео
27.12.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgizdar konsertke bargan son ketkendi da biliwse eteginde kowtowup sahnani japkanda anan ketiwse tura bolot irdap jatsa basip ketken siylabastik bolup kalat go,,,,,,,,,
SUPER.KG видео
28.12.2013. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантына таазим этем!Азаматсыз оркундоп осо бериниз!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар качан концертти аягына чейин коруп, ырчыны кол чаап узатып, гул берип(аны дагы керектуу жерде), ырчы менен кошо ырдап, бийлеп дуркурогон кол чабуулар менен коштоп турууну уйронобуз деги? Концерт супер болуптур. Бирок сахнанын жасалгасы начар экен. Бир аз конул буруп коюшса жакшы болмок. Оздору кичине ондоп-тузобосо бизде деген кыйраткан деле жасалга жок да. Ал эми Гулжигит Сатыбековдун ырларына, талантына соз жок. Жаны ырлары да жакшы чыгыптыр. Ийгилик!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менеджери 1-класстын окуучуларына окшоп ,козун жумуп-жумуп сулойт го)))Концертиниз жакшы отуптур ,чыгармачылыгынызга ийгилик !!!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун...
Гулжигит байкенин ырларына баа берем.Автору,аткаруучусуда боло алган ырчылар саналуу эле бизде.Жеке мага жакпаган ыры жок, баарын жадабай угам.
SUPER.KG видео
29.12.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толук концертин качан коро алабыз урматту супер инфо анан дагы акардион менен ырларын жуктоп койгулачы алдын ала рахмат
SUPER.KG видео
29.12.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менеджер эжебиз болбойт го.
SUPER.KG видео
29.12.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырдап бутолектеле кетеберебиз дегилечи...ммм кыргызбыздаааа ошон учун
SUPER.KG видео
30.12.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акардеон менен ырдаган жаны ырларын жуктоп койгулачы сураныч...
SUPER.KG видео
31.12.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми мага барибир деген ырын мурун элэ чыгарыш керек еле...озун кыйнабай...
SUPER.KG видео
09.01.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акыркы ыр дебей ырдап бутуп анан мейли келгениниздерге рахмат деп коюуш керек. А то ушул акыркы ыр менен концертти жабабыз десе ыр буто электе эле жоношот ужааас корунот экен((((
SUPER.KG видео
10.01.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун мага аябай жакты толук версясын берип койсонуздар сураныч
SUPER.KG видео
15.01.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менеджер эжем мен деп баштадыго адегенде эле же сурдоп кеттиби
SUPER.KG видео
27.02.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур жанду ун менен ырдаптыр Гульжигит
дагы жакшы ырларды кутобуз !
SUPER.KG видео
27.02.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчынын баардык ырлары мага жагат уккулуктуу аябай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: