super.kg logo

Эрдоган Сирия менен болгон мамилени калыбына келтирүү ниетин билдирди

 

Түркия Сирия менен 2011-жылы үзүлгөн мамилесин калыбына келтирүүгө ниеттенип жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк маалымат каражаттарына берген маегинде Сириянын лидери Башар Асадды сүйлөшүүгө чакырарын билдирген.

"Биз чакыруубузду жеткиребиз. Муну менен эки өлкө ортосундагы карым-катнаштарды мурунку калыбына келтирүүнү каалайбыз", - деген ал.

Ошондой эле Эрдоган Анкара менен Дамасктын сүйлөшүүсүнө Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа Аль-Судани себепчи боло аларын айткан.

Буга чейин июнь айында Эрдоган мамилени калыбына келтирүү үчүн Асад менен жолугушууну көздөп жатканын моюнга алган. Ал арада Сириянын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөр Түркия өлкөнүн түндүк-батышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактан миңдеген аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгондон кийин гана башталарын айтышкан.

Эки өлкөнүн мамилеси 2011-жылы Сирияда жарандык согуш чыгып, анда Анкара Асадды кулатууну көздөгөн козголоңчуларды колдогондон кийин үзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: