super.kg logo

Бишкектен троллейбустар толугу менен алына турган болду

 

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам менен шаардын ичи троллейбус линияларынан тазаланып, элди ташууга автобустар киргизилет.

"Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик", - деген шаар мэри.

Белгилей кетсек, Бишкекте азыркы тапта №11 жана №14 троллейбус каттамдары гана жүрүүдө. Бишкек шаардык мэриясы борбордогу троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: