super.kg logo
  Саясат  

Төрага өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына нааразы болду

 

Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Гүлчө айылында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернаттын абалы менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, ошондой эле ал курула турган футбол аянтчасынын пайдубалына капсула салды.

Аталган мектептин имараты 1977-жылы курулган. Былтыр төраганын Алай районундагы иш сапары учурунда мектептин чатырын алмаштыруу жана футбол аянтчасын куруп берүү өтүнүчү айтылган. Ага ылайык, өткөн жылы чатыры толугу менен жаңыланган. Ал эми бүгүн футбол аянтчасынын пайдубалы түптөлдү. Андан тышкары, волейбол жана баскетбол аянтчалары да жасалат.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү эл жана мектеп жамааты менен жолугушкан төрага акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бюджеттен көп каражаттар бөлүнүп жатканын белгиледи.

"Жаңы мектептер салынып, эскилери оңдолуп, агартуучулардын айлык маянасы көтөрүлүүдө. Бирок билим берүүнүн сапаты начар бойдон калып жатканы өкүндүрөт. Андыктан сапатты көтөрүү багытында комплекстүү иштерди алып барып, мугалимдердин да жоопкерчилигин жогорулатуу менен келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүүбүз кажет. Эгер биз билим берүүнүн сапатын көтөрө албасак, келечегибиз бүдөмүк бойдон калат. Өлкөбүздү алдыга жылдыра албайбыз. Билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкө курулат”, - деди ал.

Ошондой эле ал мугалимдердин айлыгын көтөрүү иштери дагы улантыларын кошумчалады.

"Агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мыкты мугалимдерди мектептерге тартып, кадрлардын жетишсиздигин жоё алабыз”, – деди Шакиев.

Мындан тышкары Алай районундагы социалдык мекемелерге жардам берип, анын ичинен Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына каржылык колдоо көрсөтүп жаткан Германия мамлекетине ыраазычылык билдирген төрага аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: