Караколдо көп кабаттуу үйдүн дубалына милиционер жана спортчу кыздын сүрөтү тартылды



Каракол шаарында көп кабаттүү үйдүн дубалында таяк-тартыш (мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпиону Кымбат Нуржанованын сүрөтү пайда болду.
Ысык-Көл облустук милициясынан билдиргендей, милиция кызматкери жана көрүнүктүү спортчу Кымбат Нуржановага арналган дубал сүрөтү шаардагы Гебзе менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган. Сүрөттүн автору Дмитрий Петроский жаш чемпиондун жетишкендиктеринен шыктанган.
"Ак-Суу РИИБинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Кымбат Нуржанова жаштыгына карабай дүйнө чемпиону наамын жеңип, Азия чемпиондугунда бир нече жолу жеңишке жетишкен. Анын сүрөтү азыр облустук борбордун борбордук көчөлөрүнүн бирин кооздоп, жаштарга өзгөчө шык берүүдө", - деп айтылат маалыматта.


