Токтогул суу сактагычында канча суу топтолду?
“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы бүгүн, 9-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча маалыматты жаңылады. Ага ылайык, суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 292 миллион куб метрди түздү.
"Суунун агып келиши секундасына 657 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 453 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр, 2023-жылы 9-июлда 10 миллиард 476 миллион куб метр суу топтолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.