super.kg logo

ОшМУда “Аалам алпы - Айтматов” айлыгы жыйынтыкталды

 

Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата Ош мамлекеттик университетинде  “Аалам алпы - Айтматов” деген аталыштагы бир айлык жарыяланып, айлыктын алкагында университеттин бардык факультеттеринде жана колледждеринде бир ай бою түрдүү багыттардагы иш-чаралар уюштурулду. Залкар жазуучунун чыгармалары аркылуу студент жаштардын ой-жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын, рухий маданиятын өстүрүү, алардын көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн арттырууну максат кылган бир айлыктын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп, ага окуу жайдын ректору  Каныбек Исаков баш болгон профессордук-окутуучулук жамаат, студенттер катышышты.

Бир айлыктын алкагында иш-чаралардан тандалып алынган Айтматовдун чыгармалары боюнча сахналык көрүнүштөр, көркөм окуу, монологдор атайын сахналаштырылып, өзгөчө жаңыча идеялар менен адабият күйөрмандарына тартууланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

"Айтматовду даңктоо, урматтоо, анын чыгармачылыгын жаштарга терең үйрөтүү менен жаштарды жакшы сапаттарга тарбиялайбыз, элибиздин улуулугун даңазалайбыз. Бүгүнкү коомдо ар бирибиз Айтматовдун чыгармаларын окуп, андан тарбия алып, рухий байлык жыйнообуз абзел",- деди сөз алган ректор Каныбек Исаков. 

Комиссиянын чечимине ылайык, мыктынын мыктысы деп тандалып алынган структураларга дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ал эми ректордун демилгеси менен кечеге катышкан ар бир студентке 500 сомдон колдоо көрсөтүлдү.

Эске салсак, аталган бир айлык декабрдын башында жарыяланган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: