Грецияда 40 жаштагы спортчу парустуу кайыктан кулап каза болду
Грецияда парустук жарышта франциялык 40 жаштагы спортчу айым каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июль күнү Касос аралында болгон. Ал украиналык спортчу менен болгон жарыш учурунда парустуу кайыктын палубасынан кулап кеткен.
"Экөөнү тең суудан алып чыгышкан. Украиналык спортчу оор жаракат алган эмес. Ал эми Франциянын спортчусу башынан оор жаракат алып, эс-учун жоготуп койгон. Аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.