super.kg logo

Экс-министр Бейшеналиевге карата сот өкүмү чыкты

 

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге 1 миллион 500 миң сом айып пул салынып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, сот 22-апрелде Бейшеналиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Алмазбек Бейшеналиев райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Шаардык сот ишти 1-июлда карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, 2023-жылдын 28-сентябрында Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: