Баткенде сел жүрүп, тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө (видео)
Баткен районунда сел жүрүп, суу каптаган аймактагы 108 тургун коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, сел суулары каптаган Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элди коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде ӨКМден жалпы 54 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Учурда жалпы 108 жаран, алардын ичинен 40 жаш бала коңшу айылга көчүрүлдү.
Видео: ӨКМ
Видео: ӨКМ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.