Лондондо Би-Би-Синин комментаторунун жубайын жана эки кызын өлтүрүп кетти
Лондондо Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын комментатору Жон Ханттын жубайын жана эки кызын арбалет менен өлтүрүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, 9-июлда комментатордун жубайы Кэрол Хант жана анын 28 жаштагы Ханна менен 25 жаштагы Луиза аттуу кыздары оор жаракат алган абалда өз үйүндө табылган. Үчөө тең окуя болгон жерден каза болгон.
Полиция кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Кайл Клиффордду издеп жатышат. Тергөөчүлөрдүн божомолуна караганда, шектүү арбалеттен сырткары дагы башка курал колдонгон болушу мүмкүн. Кол салуунун себептери иликтенип жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.