Асман шаарынын биринчи имаратынын курулушу качан бүтөрү айтылды
Асман шаарынын биринчи имаратынын курулушу бир же бир жарым жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Мамкурулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, чет элдик инвесторлор долбоорго инвестиция кыла башташты.
"Ал жакта көптөгөн долбоорго кызыкдар инвесторлор бар. Акча жок деп айтпайбыз. Бул узак мөөнөттүү долбоор, курулуштун бүтүү мөөнөтүн айтуу мүмкүн эмес. Биринчи планга ылайык, ондогон имараттар курулат. Буга, балким, 10-20 жыл керектелет.
Учурда иштер башталды, күтөбүз. Биринчи имарат бир же бир жарым жылдын ичинде тургузулат", - деди Орунтаев.
Ошондой эле ал жер тилкелерин бөлүштүрүү жана пландоо иштери башталганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.