super.kg logo

Токтогул атындагы сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу башталды. Талаптары

 

Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысына көрсөтүүгө чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, эмгектерди кабыл алуу 26-июлдан 9-августка чейин уланат. Кароого 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы эмгектер кабыл алынат.

Сый акыга көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
– чыгармалардын жыйнактары;
– тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
– изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
– концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргызстандын тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча 96-21-45 телефон номерине байланышса болот.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Токтогул атындагы мамлекеттик сый акы тууралуу жарлыкка 1-июлда кол койгон.

Ага ылайык, сыйлык ээсине Токтогул атындагы мамлекеттик сый акынын лауреаты наамы ыйгарылат, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат, 1 миллион сом акчалай сыйлык төлөнөт. Сый акы бир нече адамдар тобуна ыйгарылган кезде алардын ар бирине төш белги, күбөлүк берилет, ал эми 1 миллион сом акча баарына бирдей бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: