super.kg logo

Чуңкурчактагы окуя: Акыйкатчы аттракциондорго байланыштуу токтомду өзгөртүүнү сунуштады  

 

Чуңкурчактагы эс алуу жайында адам өмүрү кыйылган окуяга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырып, Министрлер кабинетине кат жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, акыйкатчы Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген "Аттракциондорду коопсуз иштетүү" эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүнгөн.

"Акыйкатчы институту тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп чыгып, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан аттракциондордун ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгына токтолду. "Банжи-жампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-июль күнү Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: