super.kg logo

Элера Кабылжан кызы: "Көп сүйлөбөгөн жигиттер жагат"

 

Көп сүйлөбөгөн жигиттер жагат. Бул тууралуу ырчы Элера Кабылжан кызы SUPER.KG порталына берген маеги учурунда билдирди.

"Көп сүйлөбөгөн, табышкер, убадага бекем мырзалар жагат. Бекерчилер жакпайт, бекер отурган эркекти көрсөм эле маанайым бузулуп урушкум келе берет. Анткени өзүм дайым кыймылда жүргөндү, эмгек кылганды жакшы көрөм", - дейт ырчы.

Мындан сырткары маектин жүрүшүндө чыгармачылыктагы максаттары тууралуу да ой бөлүштү.

"Ырларым, музыкаларым менен дүйнөлүк аренага таанылуу негизги максаттарымдын бири. Бул кыялым акырындан орундалып келе жатат окшойт. Себеби азыр "Муңайба, Адеми" ырын түрктөр, арабдар, өзбектер, казактар өздөрү суктанып угуп жатышат. Бул мен үчүн сыймыктанарлык нерсе. Чыгармачылыкта жаңы кадамдарды шилтеп жатпаймынбы, алдыда дагы көп бийиктиктерди ашышым керек", - дейт Кабылжан кызы.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр. Мындан сырткары "Супер-Инфо" гезитинин жаңы санына да жайгаштырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: