super.kg logo

Ат-башыда малчынын 700 кою Чатыр-Көлгө кирип кеткен. Ал ӨКМге нааразы болду (видео)

 

Ат-Башы районунун тургуну SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, бороондон удургуп Чатыр-Көлгө кирип кеткен койлорду куткарууда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам бербей койгонуна наарызы экенин айтты.

Анын айтымында, окуя 15-июль күнү болсо дагы бүгүнкүгө чейин майда жандыктарды көлдөн алып чыгуу иштери бүтө элек.

"Айдап бараткан чабан аялы менен сууга түшүп, колунан келишинче чыгарышыптыр. Учурда жаргиликтүү тургундар жардам кылышууда. Дагы деле толук чыгарып бүтүшө элек. Жергиликтүү бийлик болсо ӨКМге кайрылышса, биз адам жоголмоюнча эч нерсе кылбайбыз деп коюшуптур. Сөзсүз эле адам өлүш керекпи? 700 койдон 482си өлдү деп болжолдонуп жатат", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






17.07.24

17.07.24

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: