super.kg logo

Телефонуңуздун бардык IMEI коддорун кантип каттаса болот

 

Кыргызстанда 2024-жылдын 25-июнунан тарта уюлдук телефондордун IMEI коддорун Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) милдеттүү түрдө каттоо киргизилди. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору бөгөттөөнү болтурбоо үчүн телефонуңуздун бардык IMEI коддорун катташыңыз керектигин эскертет.

Эки SIM-карталуу жана eSIM колдоосу менен түзмөктөр бир нече IMEI коддору бар экенин белгилей кетүү маанилүү жана алардын ар бири өзүнчө катталат. Эгерде Сиз экинчи SIM-картанын слотун же eSIMди 2024-жылдын 25-июнунан кийин биринчи жолу активдештирген болсоңуз, анда IMEI коддорун 30 күндүн ичинде катташыңыз керек, болобосо алар бөгөттөлүп, Кыргызстандын уюлдук операторлорунун түйүндөрүндө иштебейт. Каттоону ИМТ тарабынан идентификациялоонун оператору жүргүзөт.

Түзмөгүңүз үчүн кошумча IMEI коддорун, анын ичинде eSIMди каттоо үчүн support@imei.kg электрондук дарегине төмөнкү маалыматты жөнөтүңүз:

Түзмөгүңүздүн бардык IMEI коддорун көргөзүңүз. Бул уникалдуу 15 орундуу номер-идентификаторлор, аларды телефондун кутучасында, анын корпусунда же алынуучу батарея чаптамасында табууга болот, же *#06# буйругу менен текшерүүгө болот.
IMEI коддору менен телефонуңуздун экранынын скриншотун кошуңуз. Бул үчүн *#06# буйругун терип, скриншотту тартып, аны катка тиркөө керек.

Ошондой эле телефондорду сатуучулар жана жеткирүүчүлөр КР түзмөктөрдү алып келүүдө IMEI коддорун ИМТда каттоого милдеттүү экенин эскертебиз. Кыргызстандын соода түйүндөрүнөн телефондорду сатып алууда этият болуңуз жана IMEI коддорунун каттоо абалын төмөнкү жолдордун бири менен текшериңиз:

- «Мой Beeline» тиркемесинде («Дагы» өтмөгүнө өтүп, «IMEI кодун текшерүүнү» тандаңыз),

- Beeline’дын сайтында,

- www.imei.kg сайтында

- *5656# буйругу менен.

Эгер Сиз катталбаган телефонду сатып алган болсоңуз, аны сатып алган жерге кайрылыңыз. Кошумча IMEI-коддорду (экинчи слот, eSIM) жогорудагы көрсөтмөлөргө ылайык өз алдынча каттоого болот. Каттоодон өтпөгөн телефондор Кыргызстандын каалаган уюлдук операторунун тармагына кошулгандан кийин 30 күндөн кийин иштебей калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: