Дастан Жумабеков: "Алкоголдук ичимдиктерди да антижарнамалык жазуулар менен чыгарсак жакшы жыйынтык болмок"
Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууну көзөмөлдөөнү күчөтүү маселеси каралууда.
Депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорду аткаруудагы көзөмөл тууралуу айтып жатып укук коргоо органдары жаш балдарды спирт ичимдиктерин сатып алдыруу менен коррупциялык ишке түртүп коюшу мүмкүн деген оюн билдирди. Мындан сырткары спирт ичимдиктерин антижарнамалык жазуулар менен чыгаруу сунушун айтты.
“Спирт ичимдиктерин чыгарган компанияларга антижарнамалык жазуулар менен чыгаруу сунушун айтсак, жакшы жыйынтык берет го деп ойлойм. ММКларда тамекинин терс таасири тууралуу жарнамалар чыгат, бирок алкоголдук ичимдиктер боюнча жок”,- деди Жумабеков.
Бул демилгени эл өкүлү Данияр Тербишалиев да колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

