Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди
АКШнын учурдагы президенти Жо Байден күзүндө өтө турчу шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Х социалдык баракчасына жазды.
"Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу – жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Шайлоо жарышынан четтеп, милдетимди мөөнөтүмдүн аягына чейин аткарууга болгон күчүмдү жумшасам партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына кызмат өтөгөн болом", - деп жазган Байден.
Президент кабыл алган чечиминин себептери тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.
Ошондой эле ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жазды.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.