super.kg logo

"Обама, Харрис..." Жо Байдендин ордуна ким талапкер болушу мүмкүн? (тизме)

 

Кечээ, 21-июлда АКШнын учурдагы президенти Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген.

Президент кабыл алган чечиминин себептери тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын айтты.

АКШнын президенттигине Демократиялык партиянын талапкери партиянын курултайында аныкталат. Американын эң ири - The Washington Post, The New York Times жана USA Today, The Economist журналдары, Axios жана Business Insider порталдары Байдендин ордуна Демократиялык партиянын талапкерлигине мүмкүн болуучу талапкерлердин тизмесин даярдашты. Алардын арасында:

Вице-президент Камала Харрис, Байден аны колдой турганын айтты. Ал 59 жашта. Харрис 2019-жылы АКШнын тарыхындагы биринчи аял вице-президент болгон;

Мишель Обама, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жубайы. 60 жашта;

Пит Буттижич, транспорт министри. 42 жашта. Ооганстандагы согуштун ардагери. Ал 2020-жылдагы Демократиялык партияда Байдендин негизги каршылаштарынын бири болгон;

Эми Клобучар, Миннесотадан келген сенатор. 64 жашта. 2019-2020-жылдары Демократиялык партиядан талапкер болуу үчүн Байдендин атаандаштарынын бири болгон;

Гэвин Ньюсом, Калифорниянын губернатору. 56 жашта. 2023-жылдын октябрында ал Пекинге барып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан;

Рафаэль Уорнок, Жоржиядан келген сенатор. 54 жашта. АКШнын Сенатында Жоржиянын өкүлү болгон биринчи теги африкалык жаран;

Жей Прицкер, Иллинойс штатынын губернатору. 59 жашта. Анын үй-бүлөсү Hyatt мейманканалар тармагына ээ;

Жош Шапиро, Пенсильваниянын губернатору. 51 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: